МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Депутат: “Бишкек шаары аткана, иткана болуп кетти…”

27.07.2021

Кыргызстанда көзгө басар жалгыз Бишкек шаарыбыз бар. Анын да кебетесин көрүп атабыз, ат сарай эле болуп калды. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновбилдирди.

Борбордун ичине баса албайсың, тротуар, аялдамалардын кебетеси кеткен, маршруткаларды айтпай эле коёлу. Алыс барып, Европаны кыялданбай эле Алматыны ээрчий турган жөнүбүз бар. Шаардын кебетеси өлдү, айыл эле болуп калды. Сыймыктанып баса албайсың. Мэр же вице-мэр конкреттүү бир система менен иштеп жатканын көрбөйсүң. Жол киренин баасын айта берип тажап бүтүштү. Жыл сайын эле бир сомдон кошуп тургула, эл да кыйналбайт. Бензиндин баасы бизден беш эсе арзан Алматыда жол кире салыштырмалуу кымбат. Анан эле экономиканы ойлобой популизм менен “эл көтөрө албайт” деп кыйкырып чыгышат. Системалуу реформага бара турган убакыт келди. Шаарыбыз аткана, иткана болуп кетти, көчөнүн баарын ит каптады. Аны кармайын десең “итти атканча мени ат” деп чыгат. Борбордук көчөлөрдүн ичи таштандыга толду. Айыл өкмөттү мэр кылып алып отурабыз”,-деди депутат.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram