МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды

27.07.2021

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июлда болжол менен эртең мененки саат 06:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 217-чакырымында Toyota Alphard унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган.

Унаада жүргүнчү катары Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев болгон, ал жана дагы эки жүргүнчү райондук ооруканага жаткырылган. Дагы бир жүргүнчү К.Т. жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Айдоочу М.А. жабыркаган эмес.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram