МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Чүйдө атышуу болуп 2 адам жабыркады

27.07.2021

Панфилов рйонунда травматикалык тапанча менен эки адамга ок атууга шектүү кармалды. Бул тууралуу

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 24-июль күнү Панфилов районунун ИИБнө аймактык ооруканага эки жаран 1991-жылы туулган И.А. жана 1997-жылы туулган Ш.Т. аттуулар ок атуучу куралдан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул малыматтын негизинде дароо Панфилов РИИБдүн жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда жогорудагы жарандар Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүнтбиринен бейтааныш жаран менен пикир келишпестиктен улам жаракат алышканы маалым богон.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Чүй облусунун ИИББдүн жана Панфилов РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлеритарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 1980-жылы туулган К.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилип анын травматикалык тапанчасы алынган.


Учурда окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери
жүргүзүлүүдө.


Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram