МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Ошто «Женгонун» жан сакчысы кармалды

26.07.2021

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаары менен Ош облусун көзөмөлдөп келген «Дженго» каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысын кармашты2021-жылдын 23-июлунда Ош шаарында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ээнбаштыкка шектелген адам кармалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургуну М.А. кармалган. Ал мурда соттолгон Ош шаары менен Ош облусун көзөмөлдөп келген (положенец) «Дженго» каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысы жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат.Белгилүү болгондой, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылдын 10-июлунда бир нече жаран менен биргеликте денеге залал келтирүү менен коштолгон ээнбаштык аракеттерге катышкан. Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында, алар Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алышып, бычак менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучунун 1600 АКШ доллары жана 48 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты салынган капчыкгын алып кетишкен.Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде катталган.Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram