МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 1 кыз каза болду…

26.07.2021

Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында Балыкчы – Ананьева – Каракол унаа жолунун 32-чакырымында «Тойота-Раф4» жана «Тойота-Ярис» унааларды сүзүштү. Бул тууралуу КР ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгынын кесепетинен кыз каза болуп, 3 адам жабыркады. Жол ырсыгынан жабыркагандардын өздүгү такталууда. Окуя болгон жерге Ысык-Көл районунан өзгөчө кырдаалдар бөлүмунөн 3 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам унаасына, каза болгондун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram