МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Тажик тарап “Головнойдун” жанына видеокөзөмөл орнотту

22.07.2021

Тажикстандын Исфара шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы Баховаддин Баходурзода 19-июлда видеобайкоочу камера “Головнойдон” он метрдей Тажикстан тараптагы даракка орнотулганын “Озоди” радиосуна билдирди.

“Видеобайкоочу камера суу бөлүштүрүүнү жана суунун деңгээлин көзөмөлдөө үчүн зарыл. Камера эки өлкөнүн чек арасын аныктабайт. Ал эми суу бөлүштүргөн жай тууралуу эки тарап кол коюлган макулдашууларга ылайык өзүнө алган милдеттемелерди так аткарып жатат”, – деген Баховаддин Баходурзода.

Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Маруфхан Тулаев буга байланыштуу “Азаттыкка” комментарий берип жатып, чыр чыккан жерди кыргыз аскерлери кайтарып жатканын, анда видеокөзөмөл орнотулбаганын айтты:

“Мурдагы жаңжал болгон жерге, суу бөлүштүргөн “Головнойго” эч кандай видеобайкоо орнотулган жок. Орнотулбайт, ага жол да бербейбиз. Учурда “Головнойду” Кыргызстандын аскерлери көзөмөлдөп турат. Тажик тарап видеобайкоо орнотуу тууралуу бизге билдирме да берген эмес. Алар Тажикстандын аймагына, аскерлери жайгашкан тилкелерге камераларды орноткон болушу мүмкүн”.

“Головной” тилкесинде тажик тарап 28-апрелде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган.

Өкмөттүн ошол кездеги Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев тажик тарап суу бөлүштүрүүчү жайды чогуу көзөмөлдөөнү сунуш кылганын, бирок Кыргызстан ал сунушка макул болбогонун билдирген.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал “Головной” суу сактагычында тутанып, ал куралдуу кагылышка айланган.

Анда 36 кыргызстандык курман болгон, ондогон турак-жай талкаланып, өрттөлгөн. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. 

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram