МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Ысык-Көлдө келин “Балдарымды карай туруңуз” деген бойдон жок…

22.07.2021

Милиция Ысык-Көлдө ижарага берилген үйдө калган жаш балдардын ата-энелерин же туугандарын издеп жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, Бостери айылынын айылдык милиция бөлүмүнө 59 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 17-июль күнү саат 21:00 чамасында 25-30 жаштагы белгисиз аял жашы жете элек эки баласы менен анын үйүнөн бөлмөнү ижарага алгандыгын айткан.

18-июль күнү саат 09:30 чамасында белгисиз аял үйдүн ээсинен балдарды кароону суранган, бирок ал сыртка чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Балдардын айтымында, улуусу Алинур, кичүүсү Акылбек, алар 4 жана 2 жашта. Атасынын аты Жолдош, апасынын аты Перизат. Бирок алар жашаган дарегин так билишпейт.

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн ата-энелери же туугандары жөнүндө билгендерден: 0505 25 05 45, 0502 11 21 31, 0709 06 09 62, 03943 45 202 же Ысык-Көл РИИБнин 102 телефонуна чалуу .

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram