МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Исхак Пирматов үй камагына чыгарылды

22.07.2021

Жогорку Кенештин мурунку депутаты Исхак Пирматов үй камагына чыгарылды. Мындай маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Исхак Пирматов тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Исхак Пирматов 31-майда суракка чакырылып, андан соң камакка алынган. Ал«Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалып жаткан.

Пирматов 28-майда депутаттык мандатын тапшырган. 

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram