МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Президент министрлерге турак жай жана кол тийбестик макамын берүүнү сунуштады

22.07.2021

Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкуулап жатышат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары президент көрсөтүлгөн. Баяндаманы Юстиция министри Асел Чыныбаева жасады.

Документти буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети караган.

Депутат Каныбек Иманалиев «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынса Жогорку Кеңештин кереги жок болуп каларын, бул документтин ченемдери мамлекеттик бийлик институттарын алсыратууга багытталганын айтты. Себеби сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда министрлер кабинети президентке гана баш иет деген берене бар.

«Мыйзам долбоордун 3-беренесинде министрлер кабинети өз ишин президенттин гана тапшырмаларынын жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде жүргүзөт деп айтылат. Жогорку Кеңеш жөнүндө бир дагы сөз жок. Министрлер кабинети президентке гана жооп берет. Мындай көрүнүш 30 жылдан бери болгон эмес. Мындай мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин парламент өзүнүн актуалдуулугун жоготот», — деди Каныбек Иманалиев.

Мындан сырткары, Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзам долбоорунда министрлерге кол тийбестик жана турак-жай берүү сунушталууда.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram