МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Чүйдө 1 милиция качып кетип, экөөсү кармалды

22.07.2021

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн эки милиционери камакка алынды, алардын бири тергөө башчысынын орун басары. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактар жазып чыкты.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ, 21-июлда Бишкекте УКМКнын кызматкерлери 26 миң сом пара алып жаткан жеринен Новопавловка милиция бөлумүнүн ыйгарым укуктуу инспекторун кармашты. Ал Сокулук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнө жана тергөө башчысынын орун басарына каршы көрсөтмө берген. Алдын ала маалыматтар боюнча, тергөөчү качып кеткен, ал эми аймактык милиция кызматкери жана ОВДнын башчысынын орун басары УКМКга жеткирилген.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram