МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бишкекте ымыркайы менен аялды албай кеткен айдоочу жазаланды…

22.07.2021

Бишкек шаарындагы №117 кичи автобустун айдоочусу коляскасы, ымыркайы менен аялды алып кетүүдөн баш тарткандыгы үчун линиядан убактылуу чететтетилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Микроавтобустун кабинасы андай жүктөрдү ташууга ылайыкталбагандыктан, айдоочу баш тартууга аргасыз болгону белгиленди. Муниципалитетте көрүлгөн чаралардын натыйжалары жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Буга чейин Бишкектеги №117 кичи автобустун айдоочусу баласы бар аялды алып кетүүдөн баш тартканы маалымдалган. Шаардык аял кичи автобусту токтотуп, бирок айдоочу бүктөлгөн колясканы көрүп,албай кеткен.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram