МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бишкекте 5 жашар бала чөгүп кетти…

22.07.2021

Бишкекте беш жашар бала Аламүдүн-1 кичи районунун жанындагы каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шабдан Баатыр проспектиси (Чүй проспектиси) менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде 2016-жылы туулган бала чөгүп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн беш куткаруучу тартылып, алар сөөктү суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram