МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

“Чек арада бузулган үйлөрдүн пайдубалы салынган бойдон турат…”

21.07.2021

Баткен облусунда акыркы жолу болгон куралдуу кол салууда талкаланган үйлөр калыбына келтириле элек. Өкмөт үч айдан бери эч нерсе жасаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Баткен окуясы болгонуна үч ай болуп калды, ал жерде бузулган үйлөрдүн пайдубалы гана салынып турат. Тажик тарап үйлөрүн куруп, элин киргизип койду. Биздики жарымы бүтө да элек, жомок айтып отурасыңар. Үйлөрү бузулган эл кыш келсе каяка барат? Каражат бөлүнгөн, пайдубалын куюп бүтө элексиңер»,-деди Алтынбек Сулайманов.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram