МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

УКМК мыйзамсыз иштеген майнинг-ферманын ишине бөгөт койду

21.07.2021

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жана республикада электр энергиянын олуттуу жетишсиздигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жараны “Б.Т.Б.” 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталды.

“Б.Т.Б.” өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында, “майнинг-фермасынын” жайгашкан жерин, ошондой эле ал жердин үн изоляциясын жана желдетилишин жашыруу боюнча максаттуу иш-чараларды уюштурган.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram