МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Тажикстанга көмүр ташыган автоунаа мэрге таандык

19.07.2021

Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик жол менен көмүр ташып жаткан адамдарды кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Лейлек районунун Кароол-Дөбө деген жеринде чек арачылар көзөмөл өткөрмө бекетинен тышкары Кыргызстандан Тажикстанга көмүр жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унааны көрүшкөн. Чек арачылар аны токтотууга аракет кылган. Бирок айдоочу токтобогондуктан алар жүк ташуучу унааны куугунга алган. Чек арадан өтүп кетпеши үчүн чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок аткан.

Куугундан качып бара жатып унаа бир капталына оодарылып кеткен.

Кармалган айдоочу менен жүргүнчү Кыргызстандын Д.М. жана Б.А.у. аттуу тургундары болушкан.

Кармалган жарандар менен көмүр тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген. Айрым маалыматтар боюнча автоунаа Сүлүктү шаарынын мэрине таандык.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram