МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бишкек шаардык кеңешине партиялар мандат алышты

19.07.2021

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, аны өттү деп тапты. Кайра шайлоого катышкан  саясий партиялардын ичинен 7 пайыздык босого чектен өткөн 6 партия мандат алды.

 Алар “Эмгек” 11 мандат, “Ата-Журт Кыргызстан” 9 мандат, “Ишеним” сегиз мандат, “Ынтымак” жети мандат, “Өнүгүү-Прогресс” менен “Социал-демократтар” партиялары бештен мандат алды.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram