МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Садыр Жапаровдун ишин караган судья кызматтан кетти…

15.07.2021

Жогорку Соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматовдун айтымында, судья өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген, ал Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу иши боюнча Садыр Жапаровго чыккан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram