МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Россиядагы кызматкерлер эмдөөдөн баш тартса иштен кетет

15.07.2021

Россияда айрым тармактардагы жумуш берүүчүлөр COVID-19га каршы эмделүүдөн баш тарткан кызматкерлерди иштен четтетип коё алат. Бул тууралуу Роструд мекемесине шилтеме берип “Известия” басылмасы жазды.

“Медициналык каршы көрсөтмөлөр жок учурда коронавируска каршы эмделүүдөн баш тарткан кызматкер иштен четтетилет жана ошол учурда ага айлык төлөнбөйт. Эмгек кодексинин 76-беренеси менен “Жугуштуу ооруларды алдын алуу тууралуу” мыйзам олуттуу себеби жок туруп эмделгиси келбеген адамдарды иштен четтетүүгө жол берет”, — деп айтылат кабарда.

Буга чейин Роспотребнадзор мекемеси 15-августка чейин соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу, транспорт, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү тармактарынын кызматкерлери 60 пайызга эмделип бүтсүн деген токтом чыгарган.

Эске салсак, Москвада эмгек мигранттары коронавируска каршы “Спутник Лайт” препараты менен июнь айынын аягынан бери эмдөөдөн өтүп жатат.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram