МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Этникалык кыргыздар Тажикстанга качып киришти

14.07.2021

Тажикстандык аскерлер Афганистан менен чектешкен аймактагы көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу талибдерден качып келе жаткан этникалык кыргыздарды кабыл алды.

“Чек арадан Афганистандын 77 жараны өттү. Алардын басымдуу бөлүгү Вахон районунун Андемин айылынан келе жаткан этникалык кыргыздар. 77 кишинин ичинен 26сы эркек, 20сы аялдар, калган 31и жашы жете элек балдар”, — деп жазылат кабарда.

Алар өздөрү менен чогуу 300 топоз, үч төө, 30 жылкы жана миңге жакын майда жандыктарын айдай келишкен.

Учурда качкындар Мургаб районунун аймагында экени айтылды. Чек аранын бул жагы тажик аскерлеринин көзөмөлүндө болгондуктан абал туруктуу экени кошумчаланды.

Ушул тапта Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген “Талибан” кыймылы өкмөттүк күчтөр менен тиреше баштады.

Акыркы маалыматтар боюнча, талибдер Афганистандын 80 пайызын ээлеп алгандыгы боюнча жар салууда, ал эми расмий Кабул бул билдирүүнү четке каккан.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram