МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Депутат Ысык-Көлдүн жолун акылуу кылууну сунуштады

14.07.2021

Бүгүн, 14-июлда, Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт министрлигинин башчысынын орун басары Нурланбек Кайынбаев министрлик Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун акылуу кылуу боюнча пландары жөнүндө айтып берди.

Депутат Бактыбек Райымкулов Ысык-Көлдү бойлой Балыкчыдан Корумдуга кетчү жолду ушундай жол менен чечүүнү сунуштады. Депутат түшүндүргөндөй, жолдун жээгинде туристтер таштандыларды көп таштап кетишет, аны жергиликтүү тургундар тазалашат, ошондуктан аны дагы төлөп берүү керек.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкеринин айтымында, жалпысынан 10 жылдын ичинде өкмөт өлкөдө жолдорду куруу үчүн кредиторлордон 2,5 миллиард доллар карыз алган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram