МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Жапондор “Алга, Кыргызстан” деп ырдашты

14.07.2021

Япониянын Хамура шаарынын тургундары Олимпиада оюндарында өлкөбүздүн намысын коргой турган дзюдочу Владимир Золоевди колдоп, Кыргызстандын гимнин ырдашты.

Жапондордун ырчысы Мита Рио да шаар тургундары менен бирге гимнди ырдады. Ырды жашоочулар Хамур шаарынын расмий YouTube каналына “Алга, Кыргызстан, Чамда, Кыргызстан” деген ат менен жайгаштырышкан.

Белгилей кетсек, Хамура – Токио Олимпиадасына даярдануу максатында Кыргызстандын дзюдо боюнча спортчулары кабыл алынган шаар. Бул оюндарда дзюдо боюнча Кыргызстандын намысын Азия чемпиону Владимир Золоев коргойт.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram