МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

УОК спортчулардын кийими үчүн дизайнерге ыраазычылык билдирди

14.07.2021

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов Токиого жөнөй турчу курама команданын талкууга түшкөн параддык формасы тууралуу үн катты.

Эсиңиздерге салсак, кечээ көрсөтүлгөн спортчулардын параддык кийими талкууга түшкөн.

УОКтун өкүлү Эргешов маанилүү оюнга үч форма тигилгенин айтты. Биринчиси оюндун ачылыш аземинде кие турчу параддык кийим. Экинчиси спорттук форма, анда кийимдин 15 түрү бар, муну спортчулар Олимпиада шаарчасында жүргөндө, машыгууга, мелдешке барганда кийип жүрүшөт. Үчүнчүсү атайын спорттук кийим, муну мелдешке чыкканда, күч сынашканда кийишет.

“Параддык форманы Дилбар (дизайнер Ашимбаева — ред.) тигип берди, бир жагында кыргыздын улуттук символикалары, экинчи жагында Япониянын маданиятынын символикасы бар. Негизги максаты — өлкөлөрдүн тыгыз достугун, биримдигин көрсөтүү. Ал эми 2016-жылы Олимпиадага чыккан чапаныбыз көпчүлүктү кызыктырып, популярдуу болгон, ошон үчүн бул ирет да суртюкту тандадык. Бул жөнөкөй Олимпиада эмес, бир жылга жылдырышты, андан кийин болот-болбойт деп жатышты, спортчулар да сарсанаа болуп жүрдү. Токидо өзгөчө кырдаал экенине карабастан өткөнү турат, бул үчүн Японияга чоң рахмат. Жалпыбыздын майрамыбыз деген мааниде ошондой форма кийип чыгалы дегенбиз”, — деп билдирди Эргешов.

“Дилбарга терең ыраазычылык, бир айдын ичинде тигип берди. Ал Лондон жана РИО Олимпиадаларында да тигип берген, бул жолу да ишеним арттык. Оюндун өтүшү арсар болгондуктан кээ бир мамлекеттер тиккенге жетишпей калды, алар ачылыш аземинде жөнөкөй спорттук кийим менен чыгышат. Ар бир форма 95 миң сом экен деп да талкуулап жатышат. Буга бюджеттен акча кеткен жок, Улуттук олимпиада комитети менен демөөрчүлөр каржылады. Кездемелер кымбат, дизайнерлердин эмгек акысы да бар. Биздин демөөрчүлөр спортчулардын кийимдери үчүн 2000 доллардан дагы берүүгө даяр”, — деди УОК өкүлү.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram