МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

“Сармерденге бараткандай эле болуп калышыптыр го”. Токиого бара турчу спортчулардын кийими талкууда

13.07.2021

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды.

“Форма кыргыз улуттук жана япониялык элементтер менен айкалыштырылып жасалган. Бир кишиге даярдалган кийимдин наркы 95 миң сом болду. Мунун баары Улуттук олимпиадалык комитеттин эсебинен жасалды”, — деген ал.

Кийимдердин презентациясынан кийин көпчүлүк интернет колдонуучулары жактырбагандарын жазып чыгышты. “Сармерденге бараткандай эле болуп калышыптыр го”, “Жаман ойдомун! Булар Олимпиадага баратабы же Ажылыкка кетип атабы?”, “Эми туура Кыргыз кийими деңизчи, но спорт команда болгондон кийин кичине ыңгайлуу болсо болмок да!”, “Зачем такая форма ЕПТГДК ! Кудага барабы биздикилер😂”, “
Ииий кокуй 😱😱😱бул эмне деген форма байкуштарды жудотуп ыңгайлуу жарашыктуу молодёжный кылып тигишпейби ужассссс”.

Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу, ал эми Паралимпиадага бир атлет лицензия алышкан. 

Кийимдер “Дилбар” мода үйү тарабынан тигилген. Алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени маалым.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram