МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Ош облусунда майнинг-ферманын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлду

12.06.2021

Кыргыз Республикасынын УКМК энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ошондой эле республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алып, Ош областынан Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалют өндүрүшүнүн) мыйзамсыз иштери аныкталып жана ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кожокелен айылынан майнинг-ферманын ишмердүүлүгү аныкталды.

Бул аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталды. Кылмыш иштин алкагында майнинга иштерин уюштуруу үчүн 650гө жакын жабдуулар табылып алынды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram