МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 6 адам каза болду

12.06.2021

Бишкек-Ош унаа жолунун 495-чакырымында (Ууру-Жар айылы) Мерседес-Бенц оор жүк ташуучу унаа менен Хонда-Одиссей унаасы кагылышып, натыйжада 6 адам каза болуп, 2 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.

 Кырсык болгон жерге  Ноокен райондук №55 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, каза болгон адамдарды ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram