МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

63 жаштагы киши зордуктаган 15 жаштагы кыз төрөдү

11.06.2021

Араван районунда зордукталган 15 жаштагы өспүрүм кыз 15-майда төрөгөнүн Ош облустук милициясы билдирди.

Маалыматына ылайык, тергөөдө өспүрүмдү 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталган.

Окуя 2020-жылдын 20-августунда Чек-Абад айыл аймагындагы эгин талаада болгон. Зордукталган кыз кош бойлуу экенин үч айдан кийин апасы ооруканага алып барганда билинген.

Аталган факты боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыгып, кылмыш жасалгандыгы аныкталгандыктан айыпталуучу 4-июнда кармалган. Сот аны 22-июнга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram