МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Пара алуу фактысы боюнча ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды

11.06.2021

Кыргыз Республикасыынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бул факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

2021-жылдын 9-июнунда КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги «У.Э.К.» кармалды.

Кармалган адам КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram