МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Чүйдө сууга аккан окуучу кызды курсанттар куткарып калышты

10.06.2021

Чүйдө сууга аккан окуучу кызды ИИМдин Академиясынын курсанттары куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 10-июнда Чүйдүн Аламүдүн -1 кичи районунда болгон. Анда сууга аккан өспүрүм кызды ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары Б. Молдосанов, М. Тынчтык уулу, Б. Акматов жана окуу жайдын кызматкери, милициянын прапоршиги М. Осеков куткарып калышкан. Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, “Тез жардам” кызматын чакырып, тапшырышкан.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

37 200

Акыркы кабарлар