МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Сузакта экинчи аял алган жаранга кылмыш иши козголду

10.06.2021

Сузакта экинчи аял алып той берген адамга иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Интернет тармагына жаряланган видео Жазык кодексинин 179-беренеси (Эки жана андан көп аял алуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын, учурда тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.

Июнь айынын башында интернет айдыңына Сузак районунун тургуну экинчи аял алып, той жасагандыгы тууралуу видео тараган.

Ал видеодон биринчи аялы күйөөсүнө жана анын экинчи аялына бакыт каалап жатканын, коноктордун биринчи аялын “айкөлдүгү” үчүн мактаганын көрүүгө болот. Ошондой эле эки аялы менен чогу бийлеп жаткан күйөөнүн тасмасы да тараган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

37 200

Акыркы кабарлар