МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Рахман Разыковдун жубайы күйөсүнө арнап ыр жазды…

10.06.2021

Рахман Разыковдун жубайы каза болгон күйөсүнө арнап ыр жазды.

Тал-талдап тогуп көз жашым

Ыйласам кайра келбейсиң

Жалдырап карап дагы эле

Көз алдымдан кетпейсиң

Кемпирим ӨЗҮ билет-деп

Эркелетчү кишим жок

Башымды коюп эркелеп

Жетелешер кишим жок

Эртелеп күтүп эшикте

Жытташар кишим эми жок

Кантем.жүрөгүм канайт тилинип

Ыйлабаска Айлам жок

Сабр тилеп өзөмө

Жалбарсам деле пайда жок

Токтобой калды көз жашым

Караанын тапсам озүң жок

Элесиң кетпейт козумдон

Жанымда дале жүргөнсүп

Жүрөктөн кетип эсим ООП

Күн түнү ыйлайм мен өксүп

Эскерте кетсек, белгилүү куудул Рахман Разыков 66 жаш курагында, 6-июндан 7-июнга караган түнү каза болгон. Буга чейин, куудул пневмония менен ооруп, дарыланып жатканы кабарланган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

37 200

Акыркы кабарлар