МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Садыр Жапаровго «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды…

10.06.2021

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысына СПТББнын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

СПТББ президенти жана камкорчулар кеңешинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу Садыр Жапаровго «Ардактуу профессор» наамынын диплому менен мантиясын тапшырып жатып Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар дайым эки тараптуу достук мамилелер болорун белгиледи.

Мантия салтанаттуу тапшырылгандан кийин Садыр Жапаров университеттин  сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтып, бул наам ага чоң сыймык экенин билдирди.

Салтанаттуу иш-чарадан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан СПТББнын Экономика жана технология университетинин аймагында мурда Түркия Республиканын Президенти Режеп Тайып Эрдоган отургузган бактын жанына бак отургузулду. Иш-чара түз эфирде көрсөтүлдү.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

37 200

Акыркы кабарлар