МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

“Бабановдун кармалышы-Нарын дарыясынан крокодил табуу аракети…”

10.06.2021

Депутат Рыскелди Момбеков Өмүрбек Бабановдун Кумтөр боюнча келишимдерге эч кандай тиешеси жок жана аны камакка алуу туура эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Момбековдун айтымында, эки күн мурун Таласта миңдеген жергиликтүү тургундар митингге чыгып, Бабановду үй камагына чыгарууну талап кылышкан.

“Комиссиянын мүчөсү катары мен өз оюмду айтпай коёюн. Кумтөрдөгү кырдаалга Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев күнөөлүү деп ойлойм. Калган камакка алуулар саясий куугунтук. Алар Садыр Жапаровго каршы чыкканы үчүн камалды деп жатышат. Бирок кортундуда Бабанов жөнүндө бир дагы сөз жок “, – деди Момбеков.

“Мен Бабановду жакшы билем. Партиялаш, классташ болбосок дагы, биз жердешпиз. Анын кармалышы – бул Нарын дарыясынан крокодил табуу аракети”,деди Момбеков.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

37 200

Акыркы кабарлар