МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бишкекте Прокуратуранын кызматкери кармалды

08.05.2021

Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы К.У.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер 2020-жылдын декабрында, жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын жокко чыгарылышына жол бербөөгө убада берип, 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алган.

Мындан тышкары, аталган кызматкер К.У.А. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып арыз ээсинен батирин оңдоону талап кылган, анын ичинде 450 миң сомдон ашуун суммага эмерек жана тиричилик техникалары дагы бар.

Ушул жылдын 7-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда зарыл болгон тергөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

37 200

Акыркы кабарлар