МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

“Тажик тарап Кыргызстандын талабын ошол эле замат аткарган”

08.05.2021

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2021-жылдын 7-майы саат 22.30 кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу экендигин маалымдайт.

Бүгүн мамлекеттик чек ара аймагынын Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-1 жерлигинин тушунда тажик тарап чек ара кезметин коюууга аракет кылган. Кыргызстандын чек арачыларынын мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында чек ара кезметин алуу талабын тажик тарап ошол эле замат  аткарган.

Интернет айдыңдарында кулпунайды контрабандалык жол менен өткөрүлүүдө деп тараган видео боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө беребиз: бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына жакын жерден Тажикстандын жараны 10 кг. кулпунай сатууга аракет кылган, бирок Тажикистандын чек арачылары тажик жаранын аракетине өздөрү бөгөт койгон.

Белгилей кетсек азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы контрабандалык иштерге бөгөт коюуу жумушун мамлекеттик органдардан сырткары Кыргызстандын чектешкен аймагындагы жараандык коомдор да көзөмөлгө алышууда.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

37 200

Акыркы кабарлар