МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Эртең президент С. Жапаров жаңы конституцияга кол коет

04.05.2021

Эртең, 5-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт.

Иш-чарага  мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү – Жогорку Кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн Өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.

Башталышы саат 10: 00дө.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram