МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Май айында өлкөдө күйүүчү май кымбаттайт

04.05.2021

Май айынын ичинде Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу май базарында баалар 4 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Белгиленгендей, 2-майга карата Брент мунайынын баррели 66,82 доллардын тегерегинде. Дүйнө жүзү ага баанын кымбатташына күбө болууда.

«Колдо болгон маалыматка ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдардын дүң сатуу бааларынын өсүшү Россиянын мунай заттарынын базарында да байкалууда. Ушундан улам, Кыргыз Республикасында дагы өсүшү мүмкүн ”, – деп айтылат билдирүүдө.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram