МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Кыргызстандагы тажик диаспорасынын төрагасы соттон акталды…

04.05.2021

Жогорку Сот мурдагы вице-премьер-министр, Кыргызстандагы тажик диаспоросунын төрагасы Равшанбек Сабировго карата чыгарылган бардык өкүмдөрдү жокко чыгарды.


Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, органдын 20-апрелдеги токтому менен жактоочунун Р.Сабировдун кызыкчылыгы үчүн берген арызы жаңы ачылган жагдайлар боюнча прокурордун корутундусуна ылайык канааттандырылды.

Сабировго карата Жогорку Соттун 2013-жылдын 23-майындагы токтому жана Бишкек шаардык сотунун 2013-жылы 7-марттагы өкүмү жокко чыгарылды. Кылмыш иши жаңы аппеляциялык соттук кароого жөнөтүлдү.

2012-жылы Социалдык өнүктүрүү министри болуп турган Равшан Сабиров коррупцияга шектелип кармалып, кызматынан четтетилген. Тергөөнүн версиясы боюнча, министрлик он жеке фирмага бала асырап алуу менен алектенүүгө уруксат берген. Сабиров беш жылга эркинен ажыратылып, 2014-жылы мунапыс боюнча бошотулган.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин Сабиров вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген. Андан кийин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, Равшан Сабиров Кыргызстандагы тажиктер диаспоросунын төрагасы.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram