МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Юрист: Ташиев «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен жазага тартылышы керек…

03.05.2021

Камчыбек Ташиевдин Баткендеги согушту «чек аралык конфликт» деп баалап жатканы — мамлекеттик кызыкчылыкка келтирилген чоң кылмыш. Бул үчүн аны «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен жазага тартса болот. Бул туурасында Кыргызстан юристтер коомунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда Баткенде болуп өткөн окуяга баа бере турган 2 берене бар: биринчиси «Чек аралык конфликт», экинчиси «Согуш ачуу». Эгерде Баткен окуясы биринчи берене менен каралып, чек аралык конфликт катары бааланып кетсе, Кыргызстан тажик тарапка эч доо кое албайт. А эгер Тажикстан тараптан кол салуу катары бааланса, анда ошол буйрукту берген Тажикстандын күч куралдарынын жетекчилери президентине чейин жоопко тартылышы мүмкүн. Андан тышкары чыгымдарды толук өндүрүп алса болот.

«Биз, жарандык коом, бул боюнча башка мамлекеттердин көз караштарына анализ кылып чыктык. Биринчи күндөрү «бул кагылышуу Кыргызстан тараптан башталды» деген тариздеги маалыматтар кетип жаткан. Бүгүнкү күндө эл аралык майдан буга «Тажикстан тарабынан башталып, Тажикстан тарабынан бүткөн согушка тиешелүү агрессия» деген баасын берип жатат. Human Rights Watch уюму «кичинекей согуш” деп баалады. Алар мынтип жатса, биздин чек ара боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев муну кандайдыр бир чек аралык конфликт категориясына киргизип, тажиктерге кун төлөтүүдөн баш тартты. Ташиевдин бул сөзү жарандык коомдун, эл аралык майдандын ушул тармакта жүргүзүлгөн иш-аракеттерин жокко чыгарып жатат.

Муну мамлекеттик кызыкчылыкка келтирилген өтө чоң кылмыш деп санайм. Эмнеге дегенде согуш болду, 30дан ашык жараныбыз өлдү. Ошонун жыйынтыгында мамлекеттик делегациянын жетекчиси Ташиев «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен жоопкерчиликке тартылышы керек. Анын иш-аракетине ушундай гана баа берүүгө болот», — дейт юрист.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram