МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Министр Улан Ниязюеков: “Мен Баткенге барууга даярмын, бирок ал жакта абал туруктуу…”

01.05.2021

Төрт облустун Ички иштер башкармалыгынын башчылары Баткен облусунда, деп билдирди 1-майда Өкмөт үйүнүн жанындагы митингде Ички иштер министри Улан Ниязбеков журналисттерге.

«Ал жерде УКМК төрагасы башында турган мамлекеттик комиссия бар, атайын бөлүмдөр, менин орун басарларым жана төрт облустун Ички иштер башкармалыгынын башчылары бар. Кечээ жарым жолдон кайтып келдим. Шаардын учурдагы абалын көрүп жатасыздар. Жоопкерчиликтен эч ким качпайт. Азыр менин орун басарларым, Ички иштер башкармалыгынын төрт башчысы жеринде. Мен өзүм Арка айылында иштедим. Биз баарыбыз патриотпуз. Мен ал жакка ушул мүнөттө барууга даярмын, бирок ал жакта абал туруктуу. Эки тараптуу комиссия иштеп жатат », – деди Улан Ниязбеков.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram