МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Тажикстанда экстремизм айыбы менен соттолгон 80 жаштагы карыя эркиндикке чыкты

26.04.2021

Тажикстанда былтыр декабрда экстремизм айыбы менен жети жылга соттолгон 80 жаштагы Дониёр Набиев эркиндикке чыкты.

Жакындарынын айтымында, карыя Вахдат шаарындагы абактан 23-апрелде чыккан.

«Мөөнөтүнүн бир бөлүгү мунапыс тууралуу акыркы мыйзамдын негизинде кыскартылды. Мындан тышкары сот анын жаш курагын жана оорусун эске алды. Ал кургак учук менен ооругандыктан, эми дарылашыбыз керек», — деди Набиевдин жакын туугандарынын бири.

Азырынча өлкөнүн расмий бийлик өкүлдөрү 80 жаштагы карыянын абактан чыккандыгы боюнча түшүндүрмө бере элек.

Дониёр Набиев 2020-жылы августта кармалган. Декабрдын аягында «Ислам кайра жаралуу партиясынын» камактагы мүчөлөрүнүн жакындарына «материалдык жардам бергени үчүн» жети жылга соттолгон. Бул иш боюнча сот жараяны жабык өткөн.

Январдын башында Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нобиев «үчүнчү өлкөлөр аркылуу кээ бир мамлекеттердин атайын кызматтары бөлгөн каражатты алып, экстремисттик идеяларды таратуу, ошондой мазмундагы адабият сатып алуу, жаштарды жихадчы топторго тартуу үчүн коротконун» маалымдаган.

Улгайган адамдын камакка алынышын эл аралык укук коргоо уюмдары айыпташкан. 20-январда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму тажик бийлигин Дониёр Набиевди тез арада бошотууга чакырып, ал кайрымдуулук иштерин жасаганы үчүн соттолгонун билдирген.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram