МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Кыргызстандын эки мушкери жеңишке жетти

20.04.2021


Кыргызстандык эки мушкер RCC Boxing Promotions турниринде жеңишке жетишти (Екатеринбург). Бул тууралуу промоутердик компаниянын сайтында маалымдалды.

Кыргызстандык Акжол Сулайманбек уулунун атаандашы Никита Кузнецов болду. Жетинчи раунддан кийин орусиялык мушкер мушташкан жок.

«Никита физикалык жактан жакшы, бирок техникасы начар, ал мага өтө ыңгайлуу болчу. Мен андан күчтүүмүн, кандай болгон күндө дагы жеңиш меники болмок », – деди Акжол Сулайманбек уулу.

Экинчи кыргызстандык Абдурахман Абдурахманов Камерундун өкүлү Герин Сох Фонкунун үстүнөн бир добуштан чечим кабыл алып, ишенимдүү жеңишке жетишти.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram