МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Аялын өлтүргөн эркек: “Тамак жасабай коюптур…”

20.04.2021

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту 47 жаштагы Т.Н.ны аялын өлтүргөндүгү үчүн 14 жылга эркинен ажыратты.

Тергөөнүн аныктагандай, Т.Н., үйүнө келип, аялы менен урушуп, андан кийин анын көкүрөгүнө жана ашказанына бир нече жолу бычак сайган. Соттун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, ал маркум менен алты жыл жашаган. Алар Россияда чогуу иштешкен, өгөй уулуна үй куруу үчүн жер бөлүп берген.

Соттолуучу окуядан бир жыл мурун бутунан жаракат алып, майып болуп калгандыгын айткан. Мындан улам, үйдө тез-тез чыр-чатак чыгып турган.Окуя болгон күнү ал алгач малды жайлоого алып келип, андан кийин жумуш издеп келген.

 “Эч нерсе таппай, үйгө келдим, аялым кечки тамакты даярдабай коюптур. Тамак бышырып баштасам, аялым мени кемсинте баштады”,-деп билдирген ал.

 Уруш учурунда айыпталуучу аялга бычак менен бир нече жолу сайып салган.

Т.Н.нын айтымында, мунун бардыгы кандайча болгонун өзү да түшүнбөй, ал келгенде кошунасына телефон чалып, милиция чакырган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram