МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Ош шаарынын жигиттери кыздарды Өзбекстандан алып келишет…

20.04.2021

Ош шаарынын жигиттери Өзбекстандан жашы жете элек кыздарды турмуш куруу максатында алып келишүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын Казы Убайдулла Сарыбаев 19-апрелде координациялык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарынын тургундары 18 жашка чыга элек Өзбекстандын жарандарын никеге турууну суранышат.

“18 жашка чыга элек кыз менен нике каадасын Өзбекстандын жараны болсо өткөрсө болобу?” деп сурады казы. Шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкери мыйзамдын талаптары адамдын жарандыгына карабастан, бардыгы үчүн бирдей экендигин маалымдады. Алар никени Кыргызстандын аймагында өткөрүшөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарышы керектигин билдирди.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram