МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

К.Ташиев өзбек тарап эмнеге жер сурап атканын айтты…

19.04.2021

Бүгүн, 19-апрелде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Савайдын тургундары менен жолугуп “Кемпир-Абад” суу сактагычынын айланасындагы 50га жердин маселеси боюнча түшүндүрдү.

Кезегинде жергиликтүү тургундар суроолорун беришти.

  • Эмне себептен ушул жерди сурап атат (өзбек эли)? Протоколдогу 50га деген жерине эл каршы, ушуну алып салса же башка жер менен алмаштырса болобу?
  • Бул жерди сурап жатканынын себеби, Кемпир-Абаддын бир бурчу биздин жерде турат. Бул бир, экинчиден Кемпир-Абаддын коопсуздугу үчүн буфер бергиле деп сурап атышат. Биз суранган жокпуз, өздөрү сунушташты. Биз дагы сунуш кылганбыз, мына эл сууга жетпей атканда Аравандан 32га жерди алмашалы дедик, Кадамжайда эл кыйналып атканда сунуштадык. Ушинтип жер алмашуу менен маселелерди чечкенге аракет кылып атабыз.
  • Кече комиссия өздөрү кайсы жер берилип, кайсы жер коюларын тактап алышты беле, мейли деп 100га берип коюпмун дедиңиз, эгер тактап алган эмес болсоңуз шашып чечим кабыл алып жиберген жоксузбу?
  • Бул жер ал маселеге кирген эмес, себеби биз сүйлөшкөндө көп маселелер чыгып атат. Кадамжай, Араван да биз сүйлөшкөн маалда чыкты, биз сунуш берип чыгып атат, алар да сунуш берип чыгып атат. Мен чындап бул жердин рельефин билген эмесмин. Биз жердин ар бир точкасын тактап алып барганбыз. Сунуш киргизишти. Биз да сунуш кылдык. Ошентип отуруп такталат.
  • Өзбек эли 50га жерди алган максатын түшүндүрүптүр, силерге сунуштаптыр. Ошондон кийин өзбек элинин буфер, коридор сурашка канчалык деңгээлде муктаждыгы бар деген кеңеш болдубу? Менин күмөнүм бар, себеби буга чейин платиналарын оң жээгинде ремонт кылган сонун жолу бар.
  • Бул жердин сураганынын себеби платинанын ремонту эле эмес, бир бурчу биздин жерге жайгашып калгандыктан ушул жерге буфер кылып коопсуздукту сакташ үчүн гана алалы деп суранып атышат.

Камчыбек Ташиев ж.б.у.с көптөгөн суроолорго жооп берди.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram