МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

К.Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча түшүндүрүп жатат

19.04.2021

Мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районуна барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолугушууда.

Аталган райондук Савай айыл өкмөтүнүн тургундары “Кемпир-Абад” суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бер нааразычылык акциясын өткөрүп келген. Жергиликтүүлөр ал тилке суунун башы экенин, жайыт катары колдонуларын айтып, боз үйлөрдү тигип отуруп алышкан.

Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чек арага тиешелүү бардык келишимдер такталганын айтты.

Учурда Ташиев менен айылдын миңге чукул жашоочусу жолугуп, талаптарын айтып суроолоруна жооп берип жатат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram