Айзада менен Замирбектин жансыз денесинин сүрөттөрү тарады

08.04.2021

5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа 7-апрелде Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган.

Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган. Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram