Айзаданы муунткан Замирбектин акыркы сөзү тарады

08.04.2021

Интернетке Айзаданы өлтүргөн Замирбектин акыркы аудиосу чыкты. Аудиодо Замирбектин жанында Айзада да отурган.

“Ал мага, биздин сүйүүбүзгө чыккынчылык кылды. Сүйүп калдым, мен ага гана үйлөнөм дедим. Акыркы жолу айтканымда макул болгон жок. Кече бары жакшы дедим эле, бирок биздин мамилебиз оор. Анын айынан өзгөрдүм. Силер мени мындай көргөн эмессиңер, кандай экенимди билет элеңер. Апамдын номери иштебей атат, кече аны капа кылып алгам. Апама айтып коеюнчу, апа тынч болуңуздар, менден кеткен күнөө болсо кечирип коюңуздар. Мен силерди каякта болойун, аркы дүйнөдө боломбу кудайдан тиленем, өмүрүңүздөр узун болуп, көп жашаңыздар. Мен сүйүп калдым апа, мен Айзада үчүн жашай албайм. Мен Айзаданы ушунча күттүм, сүйдүм. Барын башынан баштайлы, жашайлы дедим, макул болбоду. Мени күт деди күттүм, экинчисинде дагы алдады, үчүнчүсүндө ишене турган эч нерсем жок, мына жанымда отурат. Мени акыркы жолу угуп жатасыздар, рахмат барыңыздарга. Мен сиздерди кечирдим. Менден кеткен күнөөлөр болсо кечирип коюңуздар”

Бул аудио бүгүн, 8-апрелде тарады. Бирок кылмыш 5-апрелде болгон.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram