Митингдеги эл алдына премьер-министр чыкты

08.04.2021

Митингге чыккандар өкмөт үйүнүн алдына барып, ИИМ башчысы эл алдына чыгышын талап кылышты. Бирок премьер-министр Улугбек Марипов чыкты.

“Бул окуя башталганда эле биздин көзөмөлдө турган. Мен деле кайгырып турам. Бул боюнча толук чаралар көрүлөт. Өз көзөмөлүмө алам”- деди премьер-министр Улугбек Марипов.

Митингчилер ИИМ башчысы кызматтан кетеби деген суроосуна “Аны чечебиз, убакыт бергиле”- деп жооп берди.

Айзаданы акыркы сапарга узатууга Балыкчыга бара турганын айтты.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram