Экс-депутат пневмониядан каза болду

07.04.2021

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов 6-апрелде 55 жашында пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиевдин билдирди.

Анын айтымында, Туманов оор абалда 1-апрелде ооруканга түшкөн. Дарыгердин айтымында, бейтап ага чейин коронавируска кабылып, он күндөй үйүндө дарыланган.

Туманов 2010-жылы Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен парламентке келген. Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетин жетектеген. Андан кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу “Мүлк” мамлекеттик ишканасын башкарган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram