5-апрелде уурдалган кыз табылбай жатат

07.04.2021

5-апрелде Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган кыз табыла элек. Учурда кызды ала качкан шектелген адамдарды издөө жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардагы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Милициянын кабарлашынча, таңкы саат 7:30 чамасында Бишкек шаардык милициясынын 102 кызматына Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар кызды уурдап кеткени жөнүндө маалымат түшкөн.

Тергөө материалдарына ылайык, 27 жаштагы кызды үч киши “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаага салып, белгисиз тарапка кеткен. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175 – беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) менен катталып, иликтөө жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тасма кызуу талкуу жаратты.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram